«Веселый Молочник»
азыктары кантип өндүрүп
чыгарылат?

1 этап:

Өндүрүш процесси сүттүн ишканага алып келиши менен башталат. Атайын жабдылган лабораторияда чийки сүт сапатка карата экспресс-тесттен, атап айтканда – антибиотиктерге карата контролдон өтөт. Бардык параметрлерге карата шайкештикке текшерүүдөн өткөн сүт гана өндүрүшкө келет.

2 этап:

Андан кийин чийки сүт пастеризациялоодон, деаэрациялоодон, бактериялардан жана споралардан тазалоо үчүн бактофугирлөөдөн өтөт. Сүт өндүрүмүнө керектүү майлуулук майдын салмактык үлүшү боюнча нормалдаштыруу менен жетишилет. Майын нормалдыштыргандан кийин сүт пастеризациялоо этабын өтөт, анын негизги багыты - микробиологиялык абалы жактан коопсуз азыкты өндүрүүдө турат.

3 этап:

Даярдалган чийки зат атайын түтүктөр аркылуу түрдүү азыктарды: кефир, быштак жана башка азыктарды өндүрүү үчүн жөнөтүлөт. Сүт азыктарын өндүрүү процесси стерилдүүлүктү жана анын жыйынтыгы катары даяр азыктын коопсуздугун камсыздоо үчүн, асептикалык шарттарда заводдун заманбап линияларында өтөт. Ар бир азык анын сапатын катуу контролдоодон кийин гана өзүнчө таңгактоо линиясына өтөт.

4 этап:

Андан ары даяр азык муздак шарттарын сактоо менен соода түйүндөрүнө биздин сүйүктүү керектөөчүлөргө жеткирилет.